күчтөн
- Күч алуу, күчкө кирүү, кубаттануу.
- Чымыркануу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
“Манастап” ураан чакырдың, / Сен кыргыздан экенсиң, / Ошонуңан мен билдим, / Алмадай кызыл баласың, / Али да күчтөн чаласың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кумсар сыйкыр салганда, / Куткарбас күчтөн тайганда, / Жашыл жээктин элдери, / Бөлүнүшөт эки ача, / Көбү келет сиз жакка.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Мен минер атка болжолум, / Бир жыл деди Момунжан, / Эптеп муну толтуруп, / Күчтөнсүп майып курган жан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Карылыгы жетсе да анчалык күчтөн кала элек чал.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →