күчтүү

китептерде 94 жолу, 10 китепте
  1. Күчү бар, алдуу, кубаттуу.
  2. Мүнөзү, эрки туруктуу, бекем, кайраттуу.
  3. Жакшы куралданган, мыкты, кубаттуу.
  4. Бийликтүү, кудуреттүү, кубаттуу, таасирдүү, беделдүү.
  5. Кыйын, оор жумушту орундатууга жөндөмдүү, өндүрүмдүү, зор кубат, энергия бере алган.
  6. Кыймылы, деңгээли, күчү боюнча орчундуу, кубаттуу, катуу.
  7. Маанилүү.
  8. Катуу чыккан, дабыштуу.
  9. Керектүү нерселерге бай, берекелүү, өндүрүмдүү.
  10. Өз ишин жакшы билген, жакшы аткарган, билимдүү, зээндүү, жөндөмдүү, билгич.
  11. Көп, чоң, кыйын, бекем.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бешимде кетти жаш баатыр, / Күүгүмдө келип атты ок, / Күндөкүдөн күчтүүрөөк, / Күндө уруш тынчы жок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ — Бактылуу менен байлашып, / Багың тайды, билбедиң, / Күчтүү менен күрөшүп, / Күчүң жанган кезегиң, / Саа береби Каныкей, / Сабылып көчүп не келдиң? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Күчтүү урган найзага, / Чыдай албай Тоосур ат, / Эки колу мүдүрүп, / Чөгөлөдү жүгүнүп, / Куйалынын жел жетпес, / Албан түрдүү жүгүнүп, / Сарыбайдын аскери, / Эринен калды түңүлүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Күчтүү экен Ороккыр, / Койо бербей түк сабын, / Койбоду жерге түшүрүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
– Менден токой күчтүү. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →