күчсүз
- Күчү жок, алсыз, кубатсыз, дармансыз.
- Кандайдыр бир иш боюнча начар, билимсиз, жөндөмсүз, мүмкүнчүлүгү жок.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Агачалык бул жерден, / Нурзат барды отуз миң, / Кими күчтүү ким күчсүз, / Аны биздер билбейбиз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…жыгач табактай, / Таноолору барбактап, / Акыл уурдап, из чалып, / Аңдып күтүп жүргөнүн, / Абдан билди Сомбилек, / Күн-түнү кетпей күзөтүп, / Кимиси күчтүү, ким күчсүз, / Аңкаарып туруп өтсөк, деп, / Ойлогонун алардын, / Анык билди Сомбилек, / Кайра тартып чапканда, / Узап бара жатканда, / Качырмак тайган болду эле, / Обдулуп…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Бейшемби ары айтып, бери айтып келип, тырбыйган эки жылкыдан башка мал жоктугун, алар улукту көтөрүп жеткире албай тургандыгын, өзүбүз ач талааны кезип, кызыл чиедей жаш балдар менен кылчылдаган ашууда жөө чубап, тамаксыз, күчсүз кырыла жаздап, кур жаныбыз келе жаткандыгын айтты.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →