күчала

китептерде 8 жолу, 5 китепте
  1. Топчу формасындагы ак даны бар көп жылдык уулуу өсүмдүк.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Тартынбай турган Кубатай, / Күчаладан таттуу сөз, / Чыдап буга туралбай, / Найзасын кармап эптенип, / Бир көрсөм деп беттешип, / Бастырарга калганда, / Балтыркан деген бар экен, / Далайга чыккан жа… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Күчала жеп катыны, / Үйдө өлдү селейип, / Дабытайдын тактасын, / Тапшырып берип бирине, / Кененим шаардан аттанды: / “Кайда кетти Дабытай, / Бир күн тыным албаймын, / Аны таап баш албай, / Таласка барып кыргызга, / Айтып койуп журтума, / Андан кийин жөнөйүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ашыгышып элеңдеп, / Арактан калды белендеп, / Көзү менен жаңдашып, / Күчтүү арак алдырып, / Күчү жанып, калат, деп, / Күчаладан салдырып: / — Аз-аздан жутуп, алалык, / Анан жолго салалык, / Куршукканың жазылсын, / Буулукканың басылсын... Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ак кодол менен күчала, / Бүткүл дары баары бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…ап, / Арчанын жыты буркурап, / Чечекей жайнап кулпурат, / Чөптөр ыгып ыргалып, / Мөлтүр суулар шырылдап, / Кыз менен жигит күлгөндөй, / Жалбырактар шыңгырап, / Күчала гүлү жылт этип, / Калдыркандар шаңк этип, / Карасууда балыктар, / Ойноктошуп шалп этип, / Каракуназ, жогжогдор, / Канаттары далп этип, / Каздын баары каркылдап… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →