күч
- Тирүү жандыктардын булчуңдарын кыймылга келтирүү аркылуу аракеттенүү мүмкүнчүлүгү, адамдын (жандыктын) алы, дарманы, кубаты, бир нерсе кылууга, иштөөгө жарамдуулугу.
- Адамдын акыл-ой ишине жөндөмдүүлүгү, шыгы.
- Ишти, жумушту аткаруу жөндөмдүүлүгү. Бир нерсенин кыймылынын, жүрүшүнүн, таасиринин деңгээли, кубат, энергия, кайрат.
- Укук, укуктуулук, таасирдүүлүк.
- Бийлик, кудурет, таасир.
- Мүмкүнчүлүк, шарт, чама.
- Кандайдыр бир ишкердүүлүктүн, күчтүүлүктүн, таасирдин булагы.
- Өз ишинде кандайдыр бир мүнөздүү өзгөчөлүктөргө же багытка ээ болгон коомдун бөлүгү.
- Аскерлер, кандайдыр бир өндүрүштүк коллективге бириккен адамдар тобу, бирдей кесиптеги адамдар.
- Эмгек, кызмат, жардам.
- Өтө көп, күчтүү, кыйын, катуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Өз кылганы күч болуп, / Нескара, Уушаң, Мурадил, / Кылычка каны майланды, / Алманбет уулу Күлчоро, / Нескарадай чоң дөөнүн, / Башын кесип байланды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ат олоңун бекиттик, / Оодарышып кармаштык, / Кылышпадык жармаштык, / Багалектен алыштык, / Барлык күчтү салыштык, / Ийилбеген кайран бел, / Балтыр этти талыттык, / Орой- торой чалыштык, / Ороолонуп көрүштүк, / Өчүгүшүп күрөштүк, / Баштан берки адатым, / Балачакта…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Пил жетпеген бир топко, / Пилден күчүм кем эмес, / Мен Чынаача өзүм бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Анда-санда Семетей, / Гүлчоро доошун эшитет, / Күңгүрөнүп бир кезде, / Күч менен сүйлөйт күч менен, / Жана мындай кепти деп: / — Кулагым менин уга албайт, / Айткан кепти калтырбай, / Такыр угуп чыга албайт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Бала кылычты туурасынан кармай берип, ал оп тартуунун күчүнөн тең бөлүнүп калат, өзү эси ооп жыгылат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →