күт
- Келет деп же кандайдыр бир аракет, окуя, жооп, уруксат ж.б. болот деп токтой туруу, күтө туруу, аярдап тура туруу.
- Болот деген ишеничте, ойдо, үмүттө болуу.
- Тосуп алуу, каршы алуу, барктап сый көрсөтүү.
- Өзүндө бар же өз карамагындагы малдын, нерсенин ж.б. камын көрүү, багып-кароо, кармай билүү.
- Ээ болуу, кармоо, сактоо, бар болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Эмне кабар келет деп, / Сактап күтүп калгандыр, / Жердигине тапшырбай, / Өлүктү сактап салгандыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Атайлап Көкөй кат жазып, / Таласка киши жиберген: / “Бир кызым бар меники, / Чигитей, болсун сеники, / Көөнүндө кири арылсын, / Арамдык күтпөй эрдики.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…өндө Гүлнар жүгүнүп, / Башкага чылбыр карматпай, / Атын алды жүгүрүп, / Көчүрүп келип Гүлнарды, / Коргонго алды түшүрүп, / Урумдун элин узатты, / Он-он беш күн күтүшүп, / Кулу менен күңүнү, / Калтырбады бирини, / Жалгыз бала Сейитек, / Бир закматы болор, деп, / Айдай катын Айчүрөк, / Баарын кайра кетирип, / Кул-күң болуп келг…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Мен бир бутумду аттаган боюнча жооп күтүп тура калдым.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Солубаса, аялым мени күтүп үйдө отурганы, – деп сырын айтат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →