күр2

китептерде 25 жолу, 8 китепте күр 1 →
  1. Моторду от алдырганда же ири жырткыч айбандар күркүрөп ырылдаганда ж.б. учурларда чыккан кубаттуу дабышты, үндү билдирүүдө колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…а, / Шор дайраны жакалап, / Чыгышка бара жатканда, / Кээде агын суу бойлоп, / Кээде керүү жер бойлоп, / Кээде деңиз жакалап, / Кээде адыр аралап, / Кээде тулаң күр басып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Чай ичкен бала Чигитей, / Кымыз ичип ала элек, / Суусуну мунун кана элек, / Күр эле кирди ал үйгө, / Күллү баары тебелеп, / Бул эмине шумдук? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…шып, / Кылычташып урушуп, / Чокмор менен койушуп, / Этектен түрө кармашып, / Барлык күчүн арнашып, / Жакалашып тартышып, / Көөдөндөшүп тирешип, / Булкуп-силкип күршүп, / Орой-торой чалышып, / Койун колтук алышып, / Ача кармап мекчийип, / Ирмелбей көзү чекчийип, / Акакташып солушуп, / Көттөрүн жерге койушуп, / Кайта ордунан к… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Күр болуп жаткан тулаңы, / Көз байланаар маалы, / Жетөгүзгө барганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…ындырымга тогуз күн, / Сыргакка салган Тоосур ат, / Тоңурчуктап туралбайт, / Чылбырынан кармады, / Буттан кишен тушоону, / Башынан жүгөн алганы, / Жетим тайдын күр жылга, / Туруштук берчүү көп малга, / Көз ачкынча жалмады, / Топурак учуп, жер чаңдап, / Такыр болуп калганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →