күрөө4
- Калмактын кечилдери жашаган үй.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…Кылычтын мизи кетилип, / Чокморлору былчыйып, / Бадана тондор бурчулуп, / Олпоктору жыртылып, / Ичтен кийген буулумдун, / Этектери кырчылып, / Торгой көз темир күрөөкү, / Тарпы калбай бузулуп, / Жаалы салып карашып, / Өңдөрү эчен кубулуп, / Сүйлөй албай бирерде, / Балдырап тили бурулуп, / Ого бетер өчөшүп, / Ошондой кезде бой…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
койуп Алмамбет, / Эр Бакайга айтканы: / — Абаке угуп байкагын, / Кулжанын жайын айтайын, / Бузулбасын эти деп, / Так башына аткамын, / Түшө калып мууздагын, / Күрөөнүн кызыл кандарын, / Мен бутума сыйпайын, / Аккулжадан аккан кан, / Ар жаратка дары деп, / Жүйрүн дөөдөн укканмын, / Анда Бакай турабы, / Атынан түшүп мууздады, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кутурган иттей арсылдап, / Оозунан көбүк чачылып, / Кычырап тиши карсылдап, / Каарынан капыр чочконун, / Кара жер турат картылдап, / Көрүнүп күрөө тамыры, / Чоң бакандай лакылдап, / Оозуна келген кепти айтты, / Кирген суудай шапылдап, / Угуп туруп Кара дөө, / Тура алган жок ал чыдап: / — Ажылдаган бадырек!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Темирден кылган күрөөкү, / Чынжырдан кылган зоотун, / Бутуна кийчү кандагай, / Такыр берди тапшырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Буйурбаган башкага, / Минер атын бирөөгө, / Сарайда турган байлалуу, / Тумары бар күрөөдө, / Маңдайы кашка, бой кара.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →