күрөөкө

китептерде 51 жолу, 7 китепте
  1. Ок өтпөс тон, кымбат кездемеден кооздолуп тигилген сырт кийим, тон.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ташка тийген немедей, / Чак этип кайра жанганы, / Чанданды көргөн Чакмакташ, / Андестиги кармады, / Кисепчеден жаңдата, / Күрөөкөсүн көтөрө, / Кара санга сайганы, / Найзанын учу жетиптир, / Узундугу төш жары / Этин тилип кетиптир, / Кара сандан кан агып, / Арыкта суудай шар агып, / Жандап өт… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…р чынардай колу бар, / Кайнаган эки көзү бар, / Кырчак тоодой мурду бар, / Боз талаадай бети бар, / Турушу барча бир дөбө, / Тогуз кабат кийгени, / Баары соот, күрөөкө, / Кабаттап калкан тартынган, / Буттай темир артынган, / Бул кара нээт калмакка, / Ажалдуу бенде катылган, / Тердебеген Темир көк, / Ал кездеги эрлердин, / Аңг… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Шаарынан чыкты шартылдап, / Жөө тумандай самсаалап, / Ак асаба, көк желек, / Асманда барат калкылдап, / Кийгени соот күрөөкө, / Күн чагылып жалтылдап, / Токтоно албай кара жер, / Каарданып сурданып, / Карагай найза колго алып: / — Адамсынган бурутту, / Астын-үстүн салайын, / Амалын т… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Андан мурун бул Чанак, / Күрөөкө, соот кийбеген, / Ар качан чынар иштетет, / Узун келип чынары, / Найза, кылыч, айбалта, / Денесине тийбеген, / Эрлердин кандай иши бар, / Ишенип жүргөн чынарга, / Муну Чанак билбеген, / Телкүрөң оозун имерди, / Айбалта менен Чанакты, / Кулактын үстү дымдоокко, / Айабай тартып жиберди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Качарга айла таба албай, / Туруп бердим дөбөгө, / Алдыма келген жигиттер, / Кийгени темир күрөөкө / Токтолуп турду кеп сурап, / Кайсы жер болот, деп сурап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →