күрөк

китептерде 22 жолу, 7 китепте
  1. Жерди казуу же бир нерсени шилөө үчүн колдонулуучу, жалпак, жазы учу бар узун саптуу эмгек куралы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

кара башка урган, / Таштын үнү дуулдап, / Барскандары жонулду, / Уста келет балбаңдап, / Араалары колунда, / Жыгаччы келет салбаңдап, / Этегин өөдө түрүнүп, / Күрөгүн ала жүгүрүп, / Сугатчы келет тартаңдап, / Белин бекем курчанып, / Ийри орогун белге алып, / Орокчу келет кыйкаңдап, / Эрин ээрчип жүгүрүп, / Катын келет тыйтаң… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бешкулактын кийгени, / Алты кабат күрөкө, / Күрөөкөнүн сыртында, / Бутта калдыр теминген, / Көөдөнүндө чарайна, / Калдыраган темирден, / Башындагы туулга, / Баары чойун келишкен, / Куйма чойун жиги жок, / Отко салып эриткен, / Далыда калкан үч кабат, / Бешкулак каапыр келайтат, / Араң жылып пил менен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ойлоп атып уктабай, / Таң агарды түнөөдө, / Кара дөө камбыл эр эле, / Кийгени соот күрөккө, / Эртең менен көрүнсө, / Бурулбай кармап көрөм, деп, / Курч байланды жүрөккө. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Гүлүстөн тууган Гүлчоро, / Бозжоргону мингизип, / Күрөкө менен олпокту, / Кабаттап ага кийгизип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
– Топуракты каса турган күрөгүм жок, сен тоодогу кийикке баргын да мүйүзүн сура. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →