күрө
- Күрөк менен сузуп шилөө, тазалоо же башка жерге алып таштоо үчүн күрөктү колдонуп иштөө (мис. карды, топуракты ж.б.).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Арка жагын карабай, / Качты баары дүрдүгүп, / Баш аламан чуулдап, / Кетип барат сүрдүгүп, / Аркадан чаңы түрүлүп, / Күрөгөндөй сүрүлүп, / Коросон, испан, жедигер, / Тажик менен калмакка, / Качып барып биригип, / Булар качып келгенде, / Көкбөрү калды теригип: / — Тете, Салаа, Каракөз, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Амир Темир көрөгөн, / Ай-ааламдын баарысын, / Алдына салып күрөгөн, / Ошол Бейжин шаарында, / Өтүптүр жалган дүйнөдөн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ай ааламды үрөгөн, / Алдына салып күрөгөн, / Амир Темир бир өткөн, / Анжу, манжу туңшага, / Кара калмак, кытайга, / Шибе, солон, таңгытка, / Аралап басыр көрбөгөн, Пайгамбар басып барбаган, / Байыртан …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Айсалкын капты алыптыр, / Гүлчоро күрөп салыптыр, / Элүү бир кап топону, / Төрт аркандап таңыптыр, / Алмамбет уул шер Гүлүс, / Серпип салып ийинге, / Басып кетип калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Күрө тонун жыйа албай, / Эки этеги далактап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →