күрүлдө
- Күр-күр эткен дабыш чыгаруу, күрпүлдөө.
- Күркүрөгөн жоон дабыш чыгаруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
агарбай карарып, / Жер көрүнбөй күдүңдөп, / Ак кара айра таанылбай, / Күлгүн тартып бүрүлдөп, / Жер козголуп жайкалып, / Тоо токтобой чайпалып, / Кар көчкүлөр күрүлдөп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Канаттары дүрүлдөп, / Катуу учат күрүлдөп, / Күүлөнүп кыйын канаты, / Адамды көрсө тийүүчү, / Башынан бери адаты, / Аттанып кара суулардан, / Асылы Алмамбет кутулбайт, / Ызылдаган булардан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…/ Жалгыз эмес топ келет, / Жалбырттан күйгөн от келет, / Жайнаган кызыл чок келет, / Аңгычакты бурулду, / Алты сай мөндүр асмандан, / Чагылган чагып куйулду, / Күрүлдөп шамал угулду, / Кантип айтып боломун, / Ачып көздү жумгуча, / Алда канча кубулду, / Мен-менсиген эр Тете, / Көзүн бардап бир нече, / Абдан байкап караса, / Кут…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Тоотору аты чыкканда, / Аңтарылып жер асман, / Борошо болуп ызылдап, / Жамгыр куйуп жаткандай, / Сасык туман көргөзбөй, / Каптап жерди баскандай, / Коморулуп дүңгүрөп, / Алатоо кулап аткандай, / Шамал чыгып дүрүлдөп, / Жыгачтын баары күрүлдөп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Баятан батынбай турган койлор, муну көргөн соң, кутулбай турганына көзү жеткендей, четинен күрүлдөп, сууга кирди.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →