күртүлдө
- Күрт-күрт эткен дабыш чыгуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Найзанын учу күртүлдөп, / Мылтыктын үнү зүңкүлдөп, / Кылычтын үнү кыңгырап, / Балтанын үнү шыңгырап, / Кетелек үнү шакылдап, / Чокмордун үнү такылдап, / Жүн сабаган немедей.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
Күртүлдөк деген жер эле, / Кебер шордун кени эле, / Аралап токой келгенде, / Алмамбет айткан кеп эле: / — Олуйа Кошой зор баштап, / Буудайык хандын Музбурчак, / Улуктун бары биздерге, / Ынтызар болгон ушул чак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чалчык кара суу келсе, / Чаңдаган кара шор болсо, / Күл төгүлгөн жер болсо, / Күртүлдөгөн шор болсо, / Токумун алып үстүнөн, / Токтоп Токоң оонатат, / Чөп чалдырбай качырга, / Нан жедирип баратат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →