күрсүлдө

китептерде 7 жолу, 5 китепте
  1. Күрс-күрс эткен дабыш чыгаруу, күрс-күрс этүү, дүңкүлдөө.
  2. Корс, орой сүйлөө; күпүлдөп бак-бак сүйлөө.
  3. Кайраттуу, катуу кыймылдоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Көнүшүп калган Көкбөрү, / Күрсүлдөшүп жатканда, / Келип калды хан Калдык, / Кете берди Көкбөрү, / Күндү күнгө уладык, / Түндү түнгө уладык, / Дүмөктөштүк далайга, / Бир кезекте хан Калдык: / — Аш ж… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Хан Сыргактын сыр найза, / Тоо томкорот тик сайса, / Оң колтуктун көбүк эт, / Дал өпкөнүн тушу, деп, / Кан жөткүрүп күрсүлдөп, / Чирип өлсүн Чанак, деп, / Манастап Сейит бакырды, / Телкүрөң кулак жапырды, / Сырнайзаны өпкөгө, / Төш жаргыча батырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ “Бузуп кирип кетем” — деп, / Үйдөй болгон чойунбаш, / Күүлөп колго алышты, / Күрсүлдөтүп салышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Бакдөөлөт турду оолугуп, / Күрсүлдөп сүйлөп буулугуп: / — Манастын уулу Сомбилек, / Байатан айткан кебиңден, / Коркуп кетчү мен эмес. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Замбирек күрсүлдөп жана бир эки жолу атылды. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →