күрс
- Оор нерсе жерге түшкөндө, жөтөлгөндө ж.б. учурларда кескин чыккан дабышты билдирүү үчүн колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Деп Каракөз айтканда, / Күрс дегинче жөтөлүп, / Көкбөрү башын көтөрүп: / — Тете, Салаа, Каракөз, / Сурасаңар менден сөз, / Бир чатырда турабыз, / Жоголушуп бетме-бет, / Кек алар болсоң кыргыздан, / Кезеги мунун келген кез.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Торчуларын карасаң, / Торлорун толгоп көтөрүп, / Баш болгон анын чоңдору, / Айбаттанып, сүрдөнүп, / Күрсө-күрсө жөтөлүп, / Он миңи келди жабылып, / Жөө күлүктөн беш миңи, / Жана келди камынып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Мейитип сөзгө калп ыйлап, / Токтосарт күрс-күрс жөтөлдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Күүлөп чокмор колго алды, / Көрүнүп турган урчукту, / Күрс дедире бир салды, / Оморулуп урчук таш, / Түзөлүп орду калганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Ойдон туруп атып жаткан замбирек огу асман менен зуулдап, күңгүрөнүп кетип калың карагайлуу тоонун ичине барып күрс-күрс түшүп жатты.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →