күрпүлдө

китептерде 44 жолу, 8 китепте
  1. Күрп-күрп эткен дабыш чыгаруу, буркулдап, уруна күрүлдөп агуу.
  2. Бак-бак этип күпүлдөп сүйлөө, бакылдоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Алтайлык казак бузулуп, / Жапандакы Кызылдөө, / Жалгыз көздөө жалаңгыч, / Көкбукачан Мадыкан, / Нескаранын Жубатай, / Ушаңдын уулу Усанген, / Мурадилдин Карагул,- / Баарын казак кычырып, / Күрпүлдөктүн бойунда, / Кан кечишкен ойунда, / Ошондо элге таанылдым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Коросон, испан кыргызга, / Ирегелеш киши элек, / Коңшуга бүлүк салыпсың, / Сени ээрчиген Темирбек, / Тентип өлөт бир сайда, / Коросон менен испандын, / Сөөгү калат ар кайда, / Калдаңдаган калмагым, / Сен өлөсүң майданда, / Илегерлик кылам деп, / Коңурбай каны кошулду, / Күрпүлдөк деген дайрага. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Күрпүлдөгөн бир далай, / Көрдүңбү күнөө Манастан? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эрлик кандай, жол кандай, / Боло бербейт айткандай, / Найза сайдың айанбай, / Кылыч чаптың тайманбай, / Эчтекени көрбөстөн, / Көөнүңдөгү кепти айтып, / Күрпүлдөдүң ар кандай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Ичиме батпай арманым, / Иле кылып сөз курап, / Көчүрүп алдап казакты, / Күрпүлдөккө алпардым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →