күпүр
- Ачыкка чыкпаган күбүр-шыбыр, астыртан айтылган күңкүл сөз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
деп, / Коркконунан кээ бирөө, / Көзүнөн жашы себелеп, / Күпүрлөгөн андан көп, / Медерканды жемелеп, / Медеркан атын укканда, / Мелтиреген кара көк, / Мелтиреп карап турбады, / Эшикти карай бет алып, / Бөлүнө койуп эл качып, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кененим куруп калсын, деп, / Кээ бирлери күпүрлөп, / Өз күчүнө ишенип, / Иш кылгандыр баатыр, деп, / Кээ бирлери так сүйлөп, / Олуя Кошой арбагы, / Чечдөбө ата колдо, деп, / А дүйнө кеткен Манастын, / Арбагы, азыр жолдо, деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жаманы менен жакшысын, / Кулагың менен укпадың, / Көзүң көрүп турасың, / Күпүр кылбай айтып бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Катын тууса бир жерде, / Күпүрүңдү кылбайбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Тилим тийип күпүрлөп, / Мен кылмышкер болупмун, / Сомбилек сындуу эренге.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →