күпүлдө
- Күп-күп эткен, күрпүлдөгөн, күрсүлдөгөн дабыш чыгаруу.
- Күп-күп эте бакылдап сүйлөө, опурулуп бек-бек үн чыгаруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…өтөрүп, / Ээн жайлоонун айагы, / Ак шорго түшүп кетем, деп, / Баатырың элдин камын жеп, / Болгун аман баарың, деп, / Бастырмак болгон кезинде, / Медеркан келди күпүлдөп: / — Кубулжуган түр сайак, / Курт-кумурска көп элден, / Коркпой кандай туу сайат?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…л байланып, балдырап, / Бойго кирип калтырак, / Олтуруп кетип бир далай, / Чоңдорун такыр чогултуп, / Топтуу караан олтуруп, / Коросондун Дабытай, / Короосунда күпүлдөйт: / — Кыргыздан келген кызталак, / Тең кишидей кат жазат, / Көрсөтөм деп дүпүлдөп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
- / Күпүлдөгөн Чынаача, / Минген аты бир башка, / Сопол куйрук, жыртак көз, / Кызыл ээк, тайкы жал, / Алдында минген бууданы, / Ак чаар экен ыраңы, / Ал качырдан жалгашкан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тоосур менен алактап, / Күнгүрөнүп күпүлдөп, / Буда келет дүпүлдөп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Айтып сөзүн болгуча, / Ачкан оозун жумганча, / Корккон эмес чын ушул, / Коржоңдогон Канчоро / Оолугуп сүйлөп жиберип, / Алдындагы Каралат, / Ооздук тиштеп нидерип, / Ачууланса Канчоро, / Чөйчөктөй болуп көз жайнап, / Көпчүлүккө карата, / Күпүлдөп баатыр сөз баштап: / “Барыбыздын башчыбыз, / Баатырын турса коргондо.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →