күптү

китептерде 5 жолу, 3 китепте
  1. Жеген тамагын сиңире албай калган абал.
  2. Ичтеги бук, ыза, кайгы-капа ичке толгон, ич күптү болгон абал.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жараткан кудай жалгасын, / Жалгызы мынча не күптүү? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Шириден күптү жасатып, / Көмүр менен кебекти, / Аралаша тундуруп, / Алтын менен күмүштү, / Арасына койдуруп, / Дат алдырбай катпасам, / Санаама жетип бай болбой, / Үйдө кантип мен жатам? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Сүйрөп келди беш күптү, / (Жыкбы, бөксө, билбейим) / Бешөөнү башка беш жутту, / Канбады окшойт суусуну, / Тоңкойуп жатып суу жутту, / Айак жагын агындын, / Так какшатып кургатты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Ич күптүүсү басылып, / Жүрөктөн зардап арылып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Силерди бакты эт берип, / Күптүү кылбай көп берип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →