күпсөр
- Мылтыктын дарысын салууга ылайыктап, териден жасалган идиш, баштык.
- диал. Ичине жел толтуруп алып, суудан өтүүдө колдонулуучу чылгый чанач.
- Күпүйгөн, күпсөйгөн, күпсүйгөн, күпсөрдөй.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Минген аттын барысын, / Куйругун ача түйүшүп, / Көкүлдөрүн шүйүшүп, / Ашты карай жол алып, / Жоо жарагын мол алып, / Күпсөргө салып дары алып, / Окшуурга салып ок алып, / Он эки кырдуу милте алып, / Уу жалаткан найза алып, / Каражаак балта алып, / Албарс кылыч курч алып, / Булдурсун к…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Арстан Манас кайран эр, / Аккелте мылтык колго алды, / Окшурунан ок алды, / Күпсөрдө какса баатырың, / Араңдан зорго бир атым, / Дары чыкты карагын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тыңшап жатып Айкөл шер: / Келе бери Тазбаймат, / Аккелтемди алып кел, / Күпсөрдү кагып барынча, / Дарыны бөзгө салып кел, / Сокур да болсо мейличи, / Ок эле болсо алып кел, / Баймат алып караса, / Дары бүтүн, ок сокур, / Келе бери алгын, — …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сүтбоздун тарап кыл жалын, / Сүмбөлөп ичин жышкуурлап, / Артынан тартып ак кадек, / Кир жукпай калган мезгилде, / Өлчөлүү дары күпсөрдө, / Кур дедире куйду эле, / Аркасына сүмбөнү, / Майлык менен урду эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Хан Коңурбай чоң Калча, / Алтын найлуу жез канжа, / Туура тиштеп ошондо, / Суудан жылкы сугарып, / Субайын бөлүп чыгарып, / Көөкөрчө кылган чоң күпсөр, / Көт жагында шалп этип, / Жуурканына жамынып, / Бурканына жалынып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →