күпкө1
- Күн тийбес кылып, жасалгаланып даярдалган атайын жай, сере.
- Жаш төлдү (көбүнчө козу, улакты) убактылуу кармоо үчүн атайын жасалган жылуу жай (жер кепе, кээде чымдан ж.б. жасалып, чөп, саман төшөлүп, капталдары, үстү жылууланып курулат).
- өт. Күпкөлөп багуу, ардактап, кастарлап, дайым кам көрүп, бапестеп багуу, кароо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ак жамбы таштай кулады, / Алтынын күпкө куйганы, / Малдан арбын өлүүнү, / Бай Көкөтөй жыйганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →