күнөөсүз
- Күнөөсү жок, жазыксыз, күнөөлүү эмес.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…Алгыр куштай жутулуп, / Кыйкырып Баймат барыптыр, / Кызык болуп калыптыр: / — Баатыр сени унутуп, / Байкабай балаа бастым, — деп, / Манжудан келген кулуңдан, / Күнөөсүз өлө жаздым, — деп, / Кырааным сени унутуп, / Кыйын балаа бастым, — деп, / Кытайдан келген кулуңдан, / Кызылдай өлө жаздым, — деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Көзүн ойуп ташташты, / Күнөөсүз нечен жандарды!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →