күнөөкөр

китептерде 4 жолу, 2 китепте
  1. Күнөөсү бар, жазыгы бар, кетирген жаңылыштыгы үчүн жооптуу, айыптуу.
  2. Мыйзамга, үрп-адат эрежелерине ылайык айыпталуучу адам, сот жообуна тартылган кылмышкер.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

лаама бар, / Кудайга башын урууга, / Молдонун кебин угууга, / Араң келген ушулар, / Үч күндүк жолго келгенде, / Басып барбайт сарайга, / Басып барса эгерде, / Күнөөкөр болот кудайга. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кикиматка барбады, / Барбай жатып калганы, / Күнөөкөрдүн башчысы: / — Эл аралап келдиңер, / Арак барбы силерде? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ашка келчү кишинин, / Маа бергиле бийлигин, / Таанытайын дүйнөгө, / Байлык менен эрдигим,- / Анда Кошой муну айтты: / — Үрбү менен Бокмурун, / Аш берген болот айыпкер, / Кылмыштуу болот күнөөкөр, / Биз ошонун бирибиз, / Алды менен табалы, / Аш берчү кайсы жерибиз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Күнөөкөр болуп элимден, / Качып жүрүп жай алгам, / Күн батыштын элинен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →