күнүнө

китептерде 11 жолу, 7 китепте
  1. Күн сайын, күнүгө, бир күндүн ичинде.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Төлгөчү салып төлгөсүн, / Күнүнө айтат көргөнүн: / — Куту бий, Манас – булардан, / Баркөл, Кумул, Турпандан, / Урушка келет көп адам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бербеймин деп айтканга, / Чынгыштын алы келбеген, / Салынуу кашык каадасы, / Калың малы бар, — деген: / “Жетимиш там үйүм бар, / Жеке алтынга толтургун, / Жетимиш миң кул бергин, / Жергелетип эл бергин, / Жер жайнатып мал бергин, / Күнүнө бирден адамды, / Тандап сойуп мен жеймин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Алтыдан киши ар жылы, / Отун алчуу бул үйгө, / Кийим кийип, аш ичип, / Түткөрө албай отунду, / Кыйналуучу бул үйдө, / Далысында кечир жок, / Бул окшогон эсир жок, / Күнүнө бирден көтөрүп, / Жыйнаган отун тоо болду, / Эртең менен бир убак, / Тойгузуп койсоң не болду? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Өзү бала күнүнөн шок чыккан. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Ал балага ажыдаардын тили бүтүп, ажыдаарга күнүнө бир кыз, бир кой берип турмай болот. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →