күнүн
- Ошол эле күнү, бир күндүн ичинде.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ысыккөл менен Атбашы, / Алматы калса кыргызда, / Тумтак күнүн түгөтүп, / Томсортот элек кыргызды, / Тордун баарын жырылтып, / Каракөз салды бузукту.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Карап калып кайран шер: / “Кайрылбай кете берсемби, / Саламат менен Ачакан, / Таппай кайтып келгенде, / Кантер экен Дабытай, / Андан кийин көрсөмбү, / Суу толкутуп чайкалтып, / Толтура куйуп чайпалтып, / Келген күнүн көрсөмбү?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Тетиктүү жолду таппасак, / Теңинен тосуп жатпасак, / Аргыган шамал-жел келет, / Агызып кетер сел келет, / Кыйан келбейт, эл келет, / Кыйамат салар эр келет, / Булут келип чүмкөлөт, / Жарык күнүң бүркөлөт, / Туман каптап боз болот, / Ачып көздү жумганча, / Токсон илек кол толот, / Анда айла не болот?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эпкини кыштын чилдедей, / Ысыгы жайдын күнүндөй, / Айбаты жолборс сүрүндөй, / Бет маңдайдан караса, / Алп кара куш түрүндөй, / Семетейди көргөндө, / Гүлүстү таштап жиберип, / Күркүрөгөн Кутургур, / Жолборс Семей абаңдын, / Өзүнө тийди имерип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Семетейден кутулуп, / Жүрөр күнүн, болорбу?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →