күнүлүк

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Күнүлөш аялдардын бири-бирине карата болгон абалы жана ошондой абалдагы мамилеси.
  2. Бири-бирине атаандашып эрегишүүчүлүк, бирин-бири көрө албаган ичи тардык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Күнүлүк кылып жатат деп, / Көңүлүңө албагын, / Ар кандай заман болсо да, / Алмамбет кебин салбагын, / Аптаба алтын, миш эмес, / Алп Коңурбай, Эсенхан, / Алыша турган кез эмес; / Самоору алтын, миш эмес, / Эсенхан менен Коңурга, / Сайышка барар кез эмес. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Күнүлүгү билинип, / Туруп калды шалпайып, / Эрке катын Чачыкей, / Эшиктен кирди эңкейип, / Үйгө кирди үшкүрүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →