күнчүлүк
- Бир күндүк, бир күндүн ичинде басып өтүүчү (жолго, жол жүрүү аралыгынын болжолдуу ченемине карата).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ошончо аттын ичинен, / Көрө албадык Кератты, / Кайта карап жөнөдүк, / Аркабызга ал атты, / Бир күнчүлүк аркада, / Калганын көрдүк ал атты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Элчи келет үч күндө, / Айтумуш менен Чынгыштын, / Калбасын кеби ичинде, / Үч күнчүлүк жол экен, / Эми келдим сиздерге.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Муну мындай таштайлы, / Айкөл Манас арстандын, / Аз күнчүлүк дүйнөдөн, / Аттанганынан баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тийген күнү бузулду, / Ушул чапкан балтанын, / Чак деген үнү көп элге, / Үч күнчүлүк жерлерге, / Үйдөкүдөй угулду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
— Каркырадан бир күнчүлүк ары —Ысык-Көл деген жер болот,— дедим.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →