күндөп-түндөп
- Күндүз да, түнкүсүн да, жарыкта да, түн катып да, тыным албай, күндүр-түндүр.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Арыбы артык Майтору, / Күндөп-түндөп баратат, / Адам эмес, айбанга,
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ктыбай, / Жоодар чалга туйдурбай, / Адырды карай бет алды, / «Жаш Бактыбай адырдан, / Аркар көргөн экен» деп, / Алдастаган Жоодар чал, / Ат айабай жол жүрүп, / Күндөп-түндөп мол жүрүп: / «Бактыбай кайра кеткиче, / Тажиктердин кошуунун, / Баштап келсем үлгүрүп, / Кош олжолуу болдук» деп, / Бити батпай ичине, / Жоодар чал барат сүйүн…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Эми, Чубак, экөөбүз, / Токтолбой жөнөп кетели, / Кайырдынын бойуна, / Түн бойунча жетели, / Күндөп-түндөп барбасак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Ошентип күндөп-түндөп жүрүп отуруп, бир шаардын четине жетип, бир жесир аялдын үйүнө түшөт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →