күндөлүк
- Күн сайын болуучу, күнүгө боло турган, учурдагы.
- Күн сайын же учурдагы болгон иштерди, баштан өткөндөрдү, байкоолорун, өз оюн ж.б. эскерип жазып жүрө турган дептер.
- Үйгө берилген тапшырмалар, мугалимдин эскертүүлөрү ж.б. жазылуучу жана окуучунун алган баалары коюлуучу атайын үлгүдөгү дептер.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…келет жол тосуп, / Арстаным, сага жол кошуп, / Ачалбарс тийет колуңа, / Ким чыдайт сага жолошуп, / Төкөр уста Бөлөкбай, / Күтүп ал көөнүн оорутпай, / Эр жарагы күндөлүк, / Найза менен балта бар, / Бөлөкбайдан башка уста, / Жасай албайт эч кандай, / Далы менен төлгөдөн, / Мен угамын көргөндөн, / “Ыстырлап” алам колума, / Унутуп…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Атамдын балыктан башка күндөлүк тапкан табышы жок.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
– Сизге кызымды токолдукка сатып, көп мал алганымдан көрө өзүмдүн күндөлүк эмгек кылып, кармаган балыгым артык эмеспи, – дейт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →