күндүк

китептерде 187 жолу, 10 китепте
  1. Иштөө, акы төлөө чеги, өлчөмү бир күнгө эсептелген, бир күндүн эсеби менен болуучу күндүк акы.
  2. Бир күндүн ичинде өндүрүлүүчү, бир күн чегиндеги убакытка эсептелген.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Коросон, испан, каңгайлык, / Жедигер, тажик турасың, / Хан Калдык келип калар деп, / Үч күндүк сурап уруксат, / Ошол го сенин кыйасың? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бир күндүк жолду үч күнү, / Бекер ачка бастым, деп, / Карайлап көзүм талды – деп, / Карыптык жанга батты” – деп, / Кайгы булут сүрдүгүп, / Хан досунан түңүлүп: / “Мында туруп нетейин, / Не мураска жетейин? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Он экиге күн толду, / Оолугуп келген Кутургур, / Атын асып бир белге, / Өзү жатты бир жерге, / Тогуз күндүк болжол, деп, / Уйкум канса кобом, деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
— Каракол нече күндүк жер? Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– дегендин ортосунда Кыраанкара жарым күндүк жолго жүрүп кеткен экен. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →