күндүз
- Таң аткандан күн батканга чейинки убакыт, күндүн жарыгы кете элек мезгил.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Маңгытка Калдык баралбай, / Чыгышты карай бет алып, / Он эки калмак котчу алып, / Кетип барат Калдык хан, / Алды-аркасын карабай, / Күндүз жатып, түн басып: / «Көрүп калса бир киши, / Бекбачага айтат, — деп, / Угуп калса Бекбача, / Аркамдан издеп чабар, — деп, / Каалаган жерге жеткизбей, / Канымды…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…и аппак маржандан, / Мойнуна жүздү салынган, / Калмакча тилди билгенден, / Канча кошуун кол болсо, / Титинбей тинтип киргенден, / Экөө чыкты бөлүнүп: / — Бүгүн күндүз барабыз, / Күнөкөр баккан неменин, / Башчысына кош колдоп, / Жакшы арактан сунабыз, / Бошоту жолу кандайдыр, / Абдан байкап чыгабыз, / Күүгүм кире барабыз, / К…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кокондуктун элинен, / Бир жүн төш катын алыпсың, / Күндүз жатып уктайсың, / Күн жанынан чыкпайсың, / Түндө жатып уктайсың, / Түн жанынан чыкпайсың, / Сен жетипсиң катынга, / Какчаңдаган кара сур, / Ара күрмөй качырга-…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…кчыйып, / Бир айтканда Тазкара, / Айткандын баары маскара, / Жемге тойгон кажырдай, / Мүрүсүн салып лакыйып, / Бир айтканда Тазкара, / Төө куйрукту кучактап, / Күндүз жаткан үкүдөй / Жайнап көзү бакыйып, / Сүйлөп жатып Тазкара, / Күлүп кетет каткырып, / Туруп калат мостойуп, / АлдыНкы ээрдин кубартып, / Жерди карап томсоруп,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Көрсөтпөй жанга, катып кел, / Күндүз келбей, түндө кел.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →