күнгөй
- Тоонун күнгө караган бети, күндү караган тарабы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…м” — деп, / Бадакшан менен Балыктын, / Арасынан качканда, / Оогандын элин аралап, / Үргөнчтөгү кыргыздын, / Абалын байкап чамалап, / Памирдин тоосун кыдырып, / Күңгөйү менен сыдырып, / Кешмирге жете барыптыр, / Кара нээт Калдыктын, / Шайтаны кармай калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Коросондун Дабытай, / Каарданды карарды, / Бактыбайдан сак калып, / Сүйүндөн найза жегенге, / Намыстанып арданды, / Күңгөйдүн куу чаар жыландай, / Ого эле жаман заарданды, / Бөрү тилме өткүр миз, / Найзасын колго кармады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Алтайдын айак жагында, / Күнөстүү күңгөй бетинде, / Андан кала бергенде, / Чоң Кеңколдун ичинде, / Калдыркан ала жалбырак, / Ат туйагы тийгенде, / Жез дообулбастай шаңгырап, / Уну катуу угулат, / Ошол чөптөн үн чыгат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
издеп, / Капчыгайлуу тар жерден, / Андан калса бел-белден, / Адыр-коону аралап, / Ар бир жерден из карап, / Айласы кетти күчүктөр, / Эч белгисин таба албай, / Күнгөй менен тескейге, / Эки араан бөлүндү, / Адамдан бетер булардын, / Көзүнүн жашы төгүлдү, / Таш аралап, бел ашып, / Колтуктары сөгүлдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Күңгөйлүк саяк экен.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →