күн

китептерде 2757 жолу, 10 китепте
  1. Жер жана башка планеталар тегерегинде айланып жүрүүчү, өзүнөн жарык нур, жылуулук таратып, негизги жана борбордук планета катарында эсептелүүчү асман телосу.
  2. өт. Күн нуру.
  3. Эртеден кечке чейинки сутканын бир бөлүгү, таң аткандан караңгы киргенге чейинки мезгил.
  4. Сутка, 24 саатты ичине алган мезгил.
  5. Жалпы эле мезгил, кандайдыр бир окуяларды, белгилүү бир учурларды, жыл мезгилин ичине алган убакыт.
  6. Белгилүү бир доор, жашоо мезгили, замана.
  7. Жашоо абалы, жан сактоо, өмүр сүрүү шарты, оокат-тиричилик, турмуш.
  8. Мү-чөлдүк тарых, айдын белгилүү катар саны, кандайдыр бир окуяга, салтанатты белгилөөгө арналган дата.
  9. Жаан-чачын, тумандуулук, абанын температурасы сыяктуу атмосферанын ал абалы, аба ырайы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ушул бүгүн Бекбача, / Алтымыш бирде мүчөлү, / Агам Асыл өлгөнү, / Отуз алты жыл болду, / Бир күн тыным албады, / Атактуу Манас айкөл шер, / Мен барган жерге барбады, / Тирүүлүктө Бекбача, / Калганы жок арманы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
Алты күн уктап күнү-түн, / Аскердин баары туруптур, / Эмики болор жумушка, / Алакең көңүл буруптур, / Аскерди жыйнап Алмамбет, / Айтты кебин мындай деп: / — Азыркысын зор душман, / Оркундун улуу суу деймин, / Күндү жайлап кечпесек, / Жан калбайт деп ойлоймун, / Азыр болуп баарыңар, / Ат-атыңды байлап ал! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Карсылдашып жарым күн, / Жер зынданга киргени, / Айтып кебин болгуча, / Ирмебей кирпик тиктеди, / Мен басыла түшкөндө, / Кабаган иттей каңк деди, / Ыргып кетип элечек, / Томолонуп шалк деди, / Бүгүн болду төрт күнчө, / Үйүнө басып кирбеди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ушунда жүрүп кай бир күн Алымжан үйүндө боло калган кездерде Ак-Сууда калган инилерим жайынан кеп уруп, «Ушуларды алууга бир маркабатыңыз тиер бекен» — дегендей кылып сөздүн четин чыгарып коёр элем. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Чыныбектин келерине бир күн калганда, хандын бир вазири келип Айымсулууга: Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →