күмөнсүз

китептерде 5 жолу, 3 китепте
  1. Күмөндүү эмес, ишенимдүү, шек саноого болбой турган, ачык-айкын.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Эшик төрчө жанынан, / Өтө берип баратса, / Эшик эндүү айбалта, / Дал төбөгө чапканы, / Туулгасы жок башында, / Эндекей жүргөн баланын, / Жайната мээсин чачканы, / Элөөсүз жүрүп күмөнсүз, / Жагалмай өлүп жатканы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Шум канчык мунтип айтканда, / Сумсайа түшүп Тапан хан: / “Сейит айткан чын эле, / Желмогуз болуп жүрбөсүн, / Катын эмес кыз сыйак, / Анда жок менин күмөнүм, / Күмөнсүз кылып сулууну, / Кумардан кана сүйөйүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Күмөнсүз бала сеники, / Үч жылдан кийин төрөсө, / Кандай болот элдики? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Семетейдин уулу бул, / Боорун толгоп айтпаса, / Таластыкка ушинтпейт” / Ушуну ойлоп Салмаке, / Өз ойунда күмөнсүз, / Ишенип алган бул ишке, / Сыр чыгарып бирөөгө, / Айта албай келген эмгиче, / Төрттүн бири ал эле, / Дөңкөнөй деген бар эле, / Чөнөй менен Чөндөлөй, / Бир ата… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →