күмөнсү

китептерде 9 жолу, 6 китепте
  1. Күмөн саноо, аныктыгына, тууралыгына же ишке ашарына ишене албоо, күмөндөр болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сегиз миң жыл жашаган, / Жүйрүн дөөнү сойгондо, / Тилин жеген Кененим, / Жүйрүн дөөнүн билгенин, / Баарын билген Кененим, / Бактыбайдан ар качан, / Мен күмөнсүп жүрөмүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Урматтуу казак элиңди, / Өзгө журтка кар кылып, / Жайнаган колуң бул турса, / Калкыңды ага зар кылып, / Басарга калбай бош жери, / Кең дүйнөсүн тар кыл, / Бул кылышың жакшы эмес, / Арамдык кылган мен эмес, / Адал ашка күмөнсүп, / Сен Медеркан, киши эмес! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
— деп, / Кабылан белги берди, деп, / Күмөнсүрөп күйнөлбөй, / Көрүшөлү деги, деп, / Жаакташкан Жакып хан, / Ал аттанды жүз киши; / Майбулактан Бакай хан, / Бул аттанды жүз киши; / Жайылмадан Жамгырчы, / Ал ат… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чойтолоң такка мингенде, / Колуна хандык тийгенде, / Куткарбастан күмөнсүп, / Арамдык ичке киргенде, / Сейитиге жалбарат, / Түркүн түйүн сөз табат, / Сейитини алпарып, / Куткарбаска бир салат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Дубана келип ат койуп, / Качып кетти шарт койуп, / Болбоду Кыйаз күмөнсүп, / Өзүңдүн балаң, Кыйаз, деп, / Көпчүлүк айтты күбөлүк. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →