күмөн

китептерде 141 жолу, 9 китепте
  1. Шектүү ишенич.
  2. өт. Бойго бүткөн бала.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ниети кара Каракөз, / Өткөрсө да жөн жүрбөйт, / Баскан-турган жеринен, / Илме-чалма кебинен, / Кишинин баары күмөндөйт, / Колунан келсе Каракөз, / Бактыбайды алмакчы, / Мен алдым деп кыргызды, / Айтып бизге бармакчы, / Ушу бүгүн Каракөз, / Бизден кебин танмакчы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Түбүбүз тууган бир экен, / Ошон үчүн түтө албай, / Кебимди айтып мен турам, / Тил алсаң баргын айлыңа, / Тим эле калбай кайгыга, / Жакшы жаман кеп кылбай, / Ак никелүү зайыбыңа, / Унчукпай болгун кылмышкер, / Жалган күмөн айыбыңа. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Өрдөктү атып алганда, / Алмамбет билбей калыптыр, / Ал кеткенде бул өрдөк, / Бейжинге учуп барыптыр, / Анык эмес Коңурбай, / Күмөн кабар алыптыр, / Дайарланып калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Каныкей, Бакай дегениң, / Алганың Чүрөк дегениң, / Гүлчоро бу сени деп, / Ушул менин күмөнүм, / Гүлчоронун этинде, / Кийген сыйкыр көйнөк бар, / Кубултуп кетет экен, деп, / Көйнөктүн жеңин бек тартып, / Буудан күлүк Буурулдун, / Чылбырын кармап кыскарт… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Күмөн албас кеп кылып, / Абакемди тостуңар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →