күмүш

китептерде 207 жолу, 10 китепте
  1. Жаркыраган ак түстөгү кымбат баалуу асыл металл.
  2. Жаркыраган, жалтырак ак түстүү, аппак.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Жайылган малдан зары көп, / Алтыны көп, күмүш көп, / Дүр-дүйнөсү андан көп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Аркасынан колбутуп, / Күмүш булак түз керүү, / Жетисуунун жайлоосу, / Жылкы төлдөп жатчу жер, / Илгертен бери мына шо. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…, / Аралашкан соно бар, / Салынып келген деңизге, / Сандуба деген жер ошо; / Калкайып кара көрүнгөн, / Карачайдын кени ошо; / Арасында саргарган, / Алтын менен күмүштү, / Казып жаткан эл ошо; / Каарына алса чоң Туңша, / Каптап келээр сел ошо; / Катар-катар тамы бар, / Сейрек тарткан багы бар, / Жон атагын Бейжин дейт, / Канту… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сыйпап койсо күмүшкө, / Аппак кылып агарткан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
– Сарайга кирсең, байлануу турган күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды көрөсүң. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →