күмбөз

китептерде 329 жолу, 10 китепте
  1. Өлгөн адамга эстелик катарында көрүстөнгө курулган курулуш.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Куран окуп күмбөзгө, / Бараар күнү түшүмдө. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Андан мурун башкага, / Бастырмак болсо бир жакка, / Күмбөзүнө баатырдын, / Бир күн түнөп алуучу, / Болсун белги, болбосун, / Бастырып кетип калуучу, / Түнүндө барбай күмбөзгө, / Эртең менен барганы, / Эки бээни алпарып, /… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…ка жетип барайын, / Колбуп жаткан кыргызды, / Койдой кесип баштарын, / Коондой кардын жарайын, / Манастан калган коргонун, / Койбой такыр чагайын, / Талкалайын күмбөзүн, / Күйгүзөйүн ичтерин, / Деп ойлонуп арамкор, / Тополоң түшкөн тоз жакта, / Жердин бети көрүнбөс, / Топурак учкан боз чакта, / Камчы басып жөнөдү, / Бул бадыре… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бир күн туруп Канчоро, / Сейитек, Бакай, Гүлчоро, / Күмбөзгө кеткен ошондо. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Күмбөздөн кармап берем — деп, / Коп убада кылгамын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →