күлө
- Селденин астынан кийүүчү төбөсү бийик топу сыяктуу жеңил баш кийим.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бурулбастан өтмөккө, / Нил деңизден кечмекке, / Бекбача кууп барбас, деп, / Жер четине кетмекке: / “Нил дайрадан кече алсам, / Жер четине жете алсам, / Күн батыштын элине, / Күлө сүйлөп батынсам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Топулуу торгой, бытпылдык, / Бытпылдыктап кыйкырып, / Суусунда балык жылт этип, / Кундуздар ойноп кылт этип, / Токойунун четинде, / Чөөлөрү күлөт шыңк этип, / Чычкандары чырылдап, / Жан-жаныбар кыбырап, / Жайнаган курттар жыбырап, / Айбанаттын түрү көп, / Жерди бербейт быжылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…а биздин кара жан, - / Деп айкөл Манас айтканда, / Жеткенсип башы асманга, / Каарлуу Алмаң жарк этип, / Күн тийгендей балк этип, / Кылгыртып жашын кирпиктен, / Күлө сүйлөп шанк этип, / Сараланын үстүнөн, / Ыргып түштү талп этип: / — Куйу менен Чубактын, / Куйундаган чунактын, / Жемеңизге калдың, — деп, / Жеңил баа болуп ал…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Күлө тиктеп жылмайып, / Күйгүзүп Чүрөк муну айтты: / — Атанын ээрди тийбеген, / Энеден эмчек эйбеген, / Эчен бала элде бар, / Ошонун бири бул бала, / Бешик той бербей ат койбой, / Үчкө чыкты бул маалда, / Кыжалат болуп уйалам, / Аты ким деп сураса!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Гүлчорону өлтүрүп, / Күлөр күнүм, болорбу?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →