күлүс
- Каза болгон жаш адамды жоктоп ыйлаганда, кошок кошкондо колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Акылымдан айныдым, / Сексен ашып карыдым, / Баштакыдай азыр жок, / Жаш кездеги калыбым, / Бирге жүрүп алгамын, / Эр Семетей, Күлүстөн, – / Ал экөөнүн таалимин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кара мүртөс неменин, / Кара көздөн жаш чыгат, / Дагы кирди ал Отор, / Минген атын камчылап, / Беттешип Отор жеткенде, / Периштенин үнүндөй, / Бек ачуу үнү жетти эле, / Белдүүдөн тирүү Күлүстөн, / Үн угузуп өттү эле, / Күлүстөн үнүн угабы, / Күлүстөн үнүн укканда, / Көмөрүлбөй турабы!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…н түшүн өзүнчө, / Көөнүндө жооруп койгону: / «Алдындакы беш киши – / Ак калпак кыргыз журтуна, / Арка болгон беш киши: / Аксакал Бакай, Каныкей, / Хан Семетей, Күлүстөн, / Айчүрөк энем эмеспи, / Аркасында өз атам, / Учкаштырып мени алды, / Учкаштырып баратса, / Ак буура мени жеп алды, / Оозунан чыккан кебинде: / «Жүрөсүң канча…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…ел ашып, / Тоо бөксөмөр күн тийип, / Алдына минген көрүңдүн, / Кыл куйругун чарт түйүп, / Күн бешимге жакындап, / Кирип келген болжолдо, / Араң жетти Ажыкең, / Күлүсөндүн токойго.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жаш Күлүстөн абаңды, / Ажыратып Буурулдан, / Календер кылып салбагын”.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →