күлкү
- Кубангандыгын, көңүлү көтөрүлгөндүгүн, шаттангандыгын, ырахаттангандыгын, тамашалагандыгын же кимдир бирөөнү шылдыңдагандыгын ж.б. үн чыгара каткыруу, кыткылыктап же жылмайып күлүү аркылуу билдирген ички сезим.
- Шылдың, келеке, мыскыл.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жолборс чыгат суналып, / Илбирс чыгат чубалып, / Карышкыр чыгат кабышып, / Чөөлөр чыгат каткырып, / Адамдай күлкү салышып, / Көрүнгөн жанды кетирбей, / Такыр атып алышып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…к деп, / Карап турду Кененим, / Кылычын кындан тартканда, / Жылтылдады калмактын; / Алдында минген тулпары, / Жорголой басып арыштап, / Кылтылдады калмактын; / Күлкүсү чыгып кылыңдап, / Шылкылдады калмактын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Мас болгондой шылкылдап, / Күлкү кыстап баратат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жайнаган от, аккан сел, / Аркырап шамал, учкан куш, / Айуу, жолборс, шерлери, / Чөөлөр менен түлкүсү, / (Адамдын келет күлкүсү) / Буура менен букасы, / Кутурган ит кабучу, / Жок болуптур баарысы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кеп сүйлөбөй муңайып: / — Кандай кебиң, Сейтек, / Сен жүрөсүң мени аңдып, / Кошулар чагың боло элек, / Жашың толгон кездерде, / Кошпой Кыйаз койчу эмес, / Ойунуңду ойноп, күлкү күл, / Жок кепти айтпай бокту жеп!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →