күлдүргүч
- Адамды күлдүргөнгө шыктуу, куудул.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
– деп, / Күлдүрдүн уулу Алыбай, / Күлдүргүчү Ажыбай, / Шууту менен Кутубай, / Ырчы уул менен Бозуулду, - / Алты эрди ээрчитип, / Бастырды Сыргак жүрү, деп, / Бастырарда кылчайып, / Арстан шерге мындай дей…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Күлдүрдүн уулу Алыбай, / Күлдүргүчүм Ажыбай, / Сырттаным Сыргак, Кутунай, / Акимдин бири бу дагы, / Акбалтанын Чубагы, / Белиме таңуу беш баатыр, / Толкундап турган убагы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Адатынча бүгүн да, / Чогулуп чоро келгени, / Төрөгө салам бергени, / Кырктын бийи Ажыбай, / Кеңеште бар Алымбай, / Кырктын бири Кутунай, / Кыраандын бири Алыбай, / Күлдүргүчү Жайсаңы, / Баатыр Мажик арстаны - / Алтоо мында келбеди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кызыл тилдүү Ажыбай, / Кеңеште бар Алыбай, / Кербендин бири Алымбай, / Күлдүргүчү Жайсаңы, / Бала кезден баатырга, / Караан болуп бир жүргөн, / Мажик барбы Кыргыл ай?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →