күкүмдө
- Упуратып майдалоо, майдаланып күкүм болгон, талкаланган абалга келтирүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
– Палан убактыларда кайырчы болуп, силердин үйүңөргө барган мен болуучумун, кана силердин марттыгыңар, дүңүйөңөр көп болсо, тамактын калдыктарын, сындырынган нандын күкүмдөрүн берет белеңер, – деп аларга баягы каткан-куткан нандарды көрсөтөт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →