күкүм
- Нандын же башка нерселердин бүртүкчө болуп майдаланган, күкүмдөнүп талкаланган майда бөлүгү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
— деп, / Ушул экен айтканы, / Жадаган экен ашпоздор, / Калгандарга туйгузбай, / Токочтун күйүп калганын, / Күкүмүн кошо салганы, / Муздак, жылуу дебестен, / Ашып-ташып калганды, / Көтөрүшүп алпарды, / Бул эмине?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Учураган тоону урса, / Күкүм-талкан кылгындай, / Күүлөп–күүлөп алганы, / Күркүрөп келип калганы, / Сооту жок жери ушул, деп, / Баатыр Манас байкады, / Чойгон колун чочконун, / Колтуктан ары муштады, / Каржиликтин булчуңун, / Жара сайып таштады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…өн каз-өрдөк, / Бакырышып чуркурап, / Оозунан чыккан көк түтүн, / Кол ыштыктай буркурап, / Койкүрөңдүн даңканы, / Казанкаптай кара таш, / Ойго учуп чыркырап, / Күкүм болуп чачылат, / Кумдан бетер быркырап, / Алдындагы Койкүрөң, / Жебедей болуп зыркырап, / Учкан куштай дыркырап, / Маштаган самын кептенип, / Кыйаздын түрү буз…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Жазганбай тыптың качырып, / Найзаны учу жеткенде, / Эр Канчоро баатырдын, / Көөдөнүндө чарайна, / Күкүм болуп чачылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Биз үйгө келгенде Жапаркул койнуна катып келген бир сынык бөлкөнүн күкүмүн кенедейин жерге түшүрбой чебердеп табакка күбүп жаткан экен.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →