күкүк1
- Өзү уя салбай, жумурткасын башка канаттуунун уяларына тууган, токойлордо, бак-дарактуу жерлерде жашоочу келгин куш.
- Ушул канаттуунун эркеги (ургаачысы – сейнек).
- Ушул канаттуунун күкүк, күкүк деп сайраган дабышын тууроодо колдонулат.
- өт. Жез таңдай акын, ырчы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Күнгө тилин кайраган, / Күкүктөн бетер сайраган, / Чечен болсо чечип айт, / Иш келгенди колунан, / Ал жарайт деп кесип айт, / Сыйкырчы болсо сырын айт, / Жалганы жок чынын айт, / Айарың болсо …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сайрабай булбул тил катып, / Молдо торгой, сандыгач, / Сүйлөй албай буулукту, / Мурун кудай такшанып, / Күкүктүн баары күдүңдөп, / Көк асман бети бүрүлдөп, / Көрүнбөй көзгө күүгүмдөп, / Кээде олтуруп, кээде кооп, / Тели болгон жылкыдай, / Чакчелекей жүгүрөт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Атактуу шаар чоң Бейжин, / Айта берсем түгөнбөйт, / Күкүк, булбул аралаш, / Сайрап турат сандыгач, / Адам бар үйгө уйалап, / Ойноп турат кардыгач.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Сайрап жатып, так чарчап, / Күкүктөрү солуптур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Бир күнү Зейнеп канаттарын күүлөп бүтүп, ордуна келип жаткан соң, Күкүк уянын кырына чыгып талпына баштайт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →