күйөрман

китептерде 2 жолу
  1. Бирөөгө каралашып, жардамдашууга дилгир, күйүмдүү, жаны ачып, жан тарткан боорукер, кайрымдуу.
  2. Спорттук, улуттук оюндарга ж. б. абдан кызыккандыгын, ышкыбоз экендигин көрсөтүп, спортсмендерге же дагы башка бирөөлөргө жан тартып, алар үчүн күйүп-бышуучу киши.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Бир тобу коломтону тегеректеп алып, күйөрман адам өлгөндөй шолоктоп ыйлап отурат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Талаада жүрүп бирөө кекейип, оттобой туруп калса анын айыгып кетишин күйөрман кишимдей тилеймин. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →