күйүттөн
- Күйүт тартуу, катуу кайгыга, күйүткө дуушар болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Сүйгөнү ушул экен, деп, / Ойуна алып Гүлүстөн, / Жарым ай туруп токтолуп, / Мунун айтты Сейтекке, / Куткармак болуп күйүттөн: / — Кыйазга барып айткын кеп, / Кабарын уктум алыстан, / Орус хан кызы Гүлнарды, / Мага алып бергин, деп, / Урумга Кыйаз бара албайт, / Урумдун жолун биле алб…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Арманда калган Гүлүстөн, / Жарыла жаздап буулугуп, / Ардыгып ыза күйүттөн, / Өзүн өзү жемелеп, / Мындай ойлоп күйүккөн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Көргөн пенде эндиреп, / Чыдай албай күйүттөн, / Эзилип жүрөк делбиреп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Жаткан жерден коппойсуң, / Жалдырап жерди тийтейсин, / Кейпиң кетип оңупсуң, / Керсары тартып болупсуң, / Күйүттөн башка дагы бир, / Айтып берчи кайгыңды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →