күйүт

китептерде 17 жолу, 8 китепте
  1. Оор жоготуудан, кырсыктан, башка түшкөн катуу кордуктан, азаптан ж.б. келип чыккан убайымдуу кайгы, көңүл чөктүргөн күйүттүү сезим, өкүнүчтүү кайгы зар.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Барсак бербейт кыргыз, деп, / Бул үмүт алыс жылдыз, деп, / Катарлап башын кести, деп, / Кайран балдар кетти, деп, / Олойто чукуп көз алды, / Боорун жарып өт алды, / Ушинтип боздоп бул жерде, / Биз тартканча күйүт, деп, / Өч алалы кыргыздан, / Кырылышып жүрүп, деп, / Кырк жаңжүн жүргөн кез эле, / Кыжырлана күдүңдөп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Айткандардан укканым: / Кийгени аппак буладан, / Мингени буурул жоргодон, / Салганы шумкар койкойгон, / Күйүт тарткан немедей, / Күлбөгөн мерез сомсойгон” / Бала баатыр Карадөө, / Атасынан көп уккан, / Жолу болсун Семетей, / Жолборс эле деп уккан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Өлүп кетсе иниси, / Күйүтүнө чыдабай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Ал кеткенден кийин, Кызыл аттын күйүтү көпкө басылбай, Элебес адатындай кулак-мээнии жеп: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Ошону менен жигит күйүтүнө чыдабай көгүчкөн көйнөгүн көөдөнүнө басып өлүп тынды. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →