күйүндү
- Жыгачтын же башка нерселердин отко чалдыккан же чала күйүк болуп калган калдыктары.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жолболду менен Койкелди, / Катар өлүп кеткенде, / Кыргыздын баары күйүндү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Дегдеп тосуп жүргөнмүн, / Көр Көбөштөн мен өзүм, / Өзүнчө кордук көргөнүм, / Абыке сөзүн жайлады, / Байкушта арман калбады, / Абыке угуп сүйүндү, / Көбөш угуп күйүндү, / Көбөш сөзүн байлады, / Карып калган абаңды, / Кол бакан менен жайлады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Баладан баары түңүлгөн, / Баатырдан калган жаш туйак, / Башкалар үчүн күйүндү, / Кара кашка тулпары, / Кайберендей түйүлдү, / Аралашып өткөндө, / Экөөнү жерге түшүрдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →