күйшө

китептерде 4 жолу, 2 китепте
  1. Данды (мис. тарууну, арпаны) сокуга салып жанчуу аркылуу кабыгынан ажыратуу.
  2. Ийнин, далысын ыкшай козгоп кыймылдатуу.
  3. Бат эле аймап коюу, арыдан-бери сугунуп, чайнап жеп жиберүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Үч капка жайма таруунун жанында бир келин соку күйшөп туруптур. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
— Күйшөгүлө, атаңдын көрүлөр! Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Шааысмайыл күйшөнүп койсо, аркан бытырап, үзүлүп кетет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
Ал күйшөнүп койсо, чынжырдын көзү сайын үзүлөт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →